Шамсуддин Хакимов — 221

10:107 Эгер Аллах сени бир зыян менен кармаса, аны Өзүнөн башка эч ким арылта албайт. А, эгер сага Аллах бир жакшылыкты кааласа, Анын пазилетине эч ким тоскоол боло албайт. Аллахтын жакшылыгы пенделеринин арасынан Өзү каалагандарына жетет. Ал – Кечиримдүү, Ырайымдуу.

10:108 Айткын: “О, адамдар! Силерге Раббиңер тарабынан Акыйкат (Куран) келди. Ким (анын өкүмү менен жашап) туура жол тапкан болсо – өз пайдасына. Ким адашса – өзүнүн гана зыянына. Мен силер үчүн (ишиңерди текшерип жүрүүчү) өкүл эмесмин».

10:109 Өзүңө вахий кылынган нерсени (Куранды) гана ээрчип, (эгер сени бирөө “жалганчы” десе, араңарда) Аллах өкүм кылганга чейин сабыр кыл. Ал - өкүм кылуучулардын мыктысы!

11:1 Алиф, Лаам, Раа.[1] Бул китептин аяттары (эч качан бузулбай турган кылып) бекемделди жана Даанышман, Кабардар (Аллах) тарабынан (эң жогорку деңгээлде) баян кылынды.

11:2 (Мунун себеби) Аллахтан башка “кудайларга ибадат кылбашыңар үчүн. Чынында, мен силерге Аллах тарабынан (жиберилген) эстетүүчү жана куш кабар берүүчүмүн.[1]

11:3 Жасаган күнөөңөрдү кечирүүсүн сурап, Аллахка жалбаргыла жана (“экинчи кайталабаймын” деп) тообо кылгыла! (Ошондо) силерди, белгиленген убакытка чейин эң сонун ырыскылар менен пайдалантат жана ар бир пазилеттүү (ихсан-садакалуу) адамга Өзүнүн пазилетинен берет. Эгер жүз үйрүп кетсеңер, мен силерге Улуу Күндүн (Кыяматтын) азабы жетип калуусунан коркомун!

11:4 Бардыгыңардын кайтышыңар – Аллахка! Ал – ар нерсеге кудуреттүү!

11:5 Уккула, алар Аллахка билдирбеш үчүн көкүрөктөрүн(дөгү каапырлыктарын) жашырышат. Уккула, эгер алар (көкүрөгүнүн үстүнөн) кийимдерин ороп алса да Аллах бардык сырларын жана ашкере нерселерин билип турат. Чынында, Ал көөдөндөрдү ээлеген сырларды Билүүчү.