Шамсуддин Хакимов — 386

28:6 Жана Биз аларды жерде бекем жайгаштырууну, Фараон, Хаман[1] жана экөөсүнүн аскерлерине ушулар тарабынан өздөрү кооптонгон нерсени көргөзүүнү (кааладык).

28:7 Биз Мусанын апасына (мындай деп) илхам бердик: «Аны эмизе бер. Эгер (аскерлер келип) ага (зыян жетишинен) корксоң (сандыкка салып, Нил) дарыясына агызып жибер. Коркпогун жана кайгырбагын. Биз балаңды сага кайтарып беребиз жана аны пайгамбарлардан кылабыз».

28:8 (Дарыяга агызылганда) аны Фараондун үй-бүлөсү, өздөрүнө душман жана кайгы болушу үчүн таап алды. Чынында, Фараон, Хаман жана экөөсүнүн аскерлери күнөө кылган (жазага ылайык) адамдар эле.

28:9 Жана Фараондун аялы[1] айтты: «Бул бала мен үчүн да, сен үчүн да көз кубанычы! Аны өлтүрбөй эле койгулачы?! Бизге (чоңойгондо) пайдасы тийэр, же болбосо бала кылып аларбыз». Алар (келечекте эмне болоорун) сезишкен жок.

28:10 Ал эми, Мусанын апасынын көңүлү бошоп (капаланып) калды. Эгер Биз ыймандуулардан болушу үчүн анын жүрөгүн (сабыр) менен байлабаганда, аны (Мусаны) билдирип коюуга аз эле калган.

28:11 Ал (баласын агызып жиберип) Мусанын эжесине: «Мусаны көзөмөлдөп бар» деди. (Ал жээк менен, акмалап барып, Фараондун үй-бүлөсүнүн кармап алганын көрдү) Ал Мусаны алыстан карап турду. Алар эч нерсени сезбей турушту. (Бөбөктү сарайга алып барышып, энекенин колуна тапшырышып, ага эмизүүчү жалдашты. Бирок…)

28:12 Биз мындан мурда эле (тагдырда) (апасынан башка) эмизүүчүлөрдү(н көкүрөгүн сорууну) арам кылып койгон элек. (Ошондо Мусанын эжеси келип:) айтты: «Силер үчүн анын кепилдигин ала турган үй-бүлөнү көргөзөйүнбү? Алар буга насаат кылуучу (тарбиячы) болушат».

28:13 Ошентип, Биз аны менен сүйүнсүн, кайгырбасын жана Аллахтын («кайгыга түшпө. Биз аны сага кайтарып беребиз» деген) убадасы акыйкат экенин билсин үчүн аны апасына кайтардык. Бирок, адамдардын көпчүлүгү муну (Аллахтын даанышмандыгын) билишпейт.