Шамсуддин Хакимов — 517

49:12 Оо, ыйман келтиргендер! Күмөнчүл болуудан сактангыла! Чынында кээ бир күмөндөр күнөө.[1] Жана бири-бириңерди аңдыбагыла жана бири-бириңерди кыйбат кылбагыла! Силерден бириңер өз бир тууганынын этин жегенди жактырабы?![2] Жактырбайсыңар го! Аллахтан корккула! Чынында, Аллах тооболорду Кабылдоочу, Боорукер!

49:13 Оо, адамдар! Биз силерди бир эркек жана бир аялдан (Адам ата менен Обо энеден) жаратып, өз-ара таанышып-билишиңер үчүн улуттарга, урууларга (бөлүп) койдук. Аллахтын назарында силердин эң улугуңар – такыбалуураак болгонуңар. Аллах чынында, Билүүчү, Кабардар!

49:14 Бедуиндер: «Биз ыймандуубуз» - дешет. Айткын: «Ыймандуу эмессиңер, бирок «Исламга кирдик» – дегиле. Ыйман силердин жүрөгүңөргө толук жете элек».[1] Жана эгер Аллахка жана Анын элчисине моюн сунсаңар, Ал силердин амалыңардан эч нерсени кемитпейт. Чынында, Аллах – Кечиримдүү, Ырайымдуу.

49:15 Албетте, Аллахка жана Анын элчисине ыйман келтирип, андан (өз ыйманынан) шек санабаган жана Аллахтын жолунда малдары, жандары менен жихад кылган адамдар гана (ыйманында) чынчыл кишилер.

49:16 (Оо, Мухаммад, акылысыз адамдарга) айткын: «Аллахка диниңерди билдирип койоюн дедиңерби? Аллах асмандардагы жана жердеги (бардык) нерселерди (ошонун арасында силердин жүрөгүңөрдөгү ой-максаттарыңарды да) билет. Жана Аллах - бардык нерселерди Билүүчү».

49:17 Алар сага өздөрүнүн мусулман болгондуктарын милдет (колко) кылышат. Айткын: «Исламга киргениңерди колко кылбагыла! Тескерисинче, Аллах силерди туура жолго баштаганын колко кылат, эгер (ыйманыңарда) чынчыл болсоңор».

49:18 Чынында Аллах асмандардагы жана Жердеги кайыптарды билет. Аллах силер жасаган иштерди Көрүүчү.