Мухтасар тафсир
وَأَوْفُوا۟ بِعَهْدِ ٱللَّهِ إِذَا عَـٰهَدتُّمْ وَلَا تَنقُضُوا۟ ٱلْأَيْمَـٰنَ بَعْدَ تَوْكِيدِهَا وَقَدْ جَعَلْتُمُ ٱللَّهَ عَلَيْكُمْ كَفِيلًا ۚ إِنَّ ٱللَّهَ يَعْلَمُ مَا تَفْعَلُونَ ﴿٩١﴾
Аллахка же адамдарга берген бардык убадаңарды аткаргыла! Аллахтын аты менен касам ичип берген бекем анттарыңарды бузбагыла! Силер аткарам деп касам ичип Аллахты өзүңөргө күбө кылгансыңар. Чындыгында Аллах силердин кылып жатканыңарды билет. Ага эч бир нерсе жашыруун эмес. Ал жакында силерге сыйлыгыңарды же жазаңарды берет.