Мухтасар тафсир
وَكُلَّ إِنسَـٰنٍ أَلْزَمْنَـٰهُ طَـٰٓئِرَهُۥ فِى عُنُقِهِۦ ۖ وَنُخْرِجُ لَهُۥ يَوْمَ ٱلْقِيَـٰمَةِ كِتَـٰبًا يَلْقَىٰهُ مَنشُورًا ﴿١٣﴾
Ар бир адамдын кылган иштери моюнга тагылган чынжырдай аны дайым коштоп жүрөт. Кылган иштеринен эсеп-кысап кылынмайынча андан ажырабайт. Кыямат күнү ал кылган бардык жакшылык жана жамандык иштерин камтыган китепти ага чыгарып беребиз, ал анын бет алдында жайылып ачылып турганын көрөт.