×
الإسراءАят 16

Мухтасар тафсир

وَإِذَآ أَرَدْنَآ أَن نُّهْلِكَ قَرْيَةً أَمَرْنَا مُتْرَفِيهَا فَفَسَقُوا۟ فِيهَا فَحَقَّ عَلَيْهَا ٱلْقَوْلُ فَدَمَّرْنَـٰهَا تَدْمِيرًا ﴿١٦﴾

Эгерде Биз кайсы бир шаарды зулумдугу үчүн жок кылууну кааласак, анда жакшылыкты көтөрө албай чиренгендерди баш ийгиле деп буйруйбуз, бирок алар баш ийишпейт. Тескерисинче, моюн сунуудан баш тартышат. Мына ошондо аларды жок кылуучу азап сөзү баштарына түшүп, Биз аларды кыйратып жок кылабыз.