×
الإسراءАят 59

Мухтасар тафсир

وَمَا مَنَعَنَآ أَن نُّرْسِلَ بِٱلْـَٔايَـٰتِ إِلَّآ أَن كَذَّبَ بِهَا ٱلْأَوَّلُونَ ۚ وَءَاتَيْنَا ثَمُودَ ٱلنَّاقَةَ مُبْصِرَةً فَظَلَمُوا۟ بِهَا ۚ وَمَا نُرْسِلُ بِٱلْـَٔايَـٰتِ إِلَّا تَخْوِيفًا ﴿٥٩﴾

Пайгамбардын чынчыл экендигин далилдеген өлүктөрдү тирилтүү ж.б.у.с. мушриктер талап кылган кереметтерди түшүрбөй койгонубуздун себеби – биз аларды мурунку коомдорго да түшүргөнүбүздө аларды жалганга чыгарышкан. Биз Самуд коомуна ачык-айкын улуу кереметти «төөнү» бердик. Алар аны жалганга чыгарышты, анан Биз алардын азабын тездеттик. Биз пайгамбарлардын колу менен кандай кереметти көрсөтпөйлүк, ал коомдор балким моюн сунушар деп аларды коркутуу максатта гана көрсөткөнбүз.