Мухтасар тафсир
وَلَقَدْ كَرَّمْنَا بَنِىٓ ءَادَمَ وَحَمَلْنَـٰهُمْ فِى ٱلْبَرِّ وَٱلْبَحْرِ وَرَزَقْنَـٰهُم مِّنَ ٱلطَّيِّبَـٰتِ وَفَضَّلْنَـٰهُمْ عَلَىٰ كَثِيرٍ مِّمَّنْ خَلَقْنَا تَفْضِيلًا ﴿٧٠﴾
Чындыгында Биз адам баласын акылдуу кылып, периштелерди алардын түпкү атасына сажда кылууну буйруп урматтадык. Аларды кургактыкта көтөрүп жүргөн жаныбарларды, унааларды жана деңизде ташып жүргөн кемелерди баш ийдирдик. Аларга адал тамактарды, суусундуктарды жана аялдарды ырыскы кылып бердик. Аларды көптөгөн макулуктардан артык кылдык. Эми алар Аллахтын берген жакшылыктарына шүгүр кылышсын.