×
الإسراءАят 8

Мухтасар тафсир

عَسَىٰ رَبُّكُمْ أَن يَرْحَمَكُمْ ۚ وَإِنْ عُدتُّمْ عُدْنَا ۘ وَجَعَلْنَا جَهَنَّمَ لِلْكَـٰفِرِينَ حَصِيرًا ﴿٨﴾

Оо, Исраил урпактары! Эгерде Аллахтын бул катуу өч алуусунан кийин Ага тообо кылсаңар жана жакшы иштерди аткарсаңар, балким Раббиңер силерге ырайым кылар. А эгер бузукулукка үчүнчү жолу же андан да көп кайта турган болсоңор, анда кайрадан силерден өч алабыз жана тозокту каапырлар үчүн жатак кылабыз. Алар андан эч качан кутула алышпайт.