Мухтасар тафсир
وَقَالُوا۟ كُونُوا۟ هُودًا أَوْ نَصَـٰرَىٰ تَهْتَدُوا۟ ۗ قُلْ بَلْ مِلَّةَ إِبْرَٰهِـۧمَ حَنِيفًا ۖ وَمَا كَانَ مِنَ ٱلْمُشْرِكِينَ ﴿١٣٥﴾
Жөөттөр бул үммөткө: «Жөөт болсоңор туура жолду табасыңар» – дешти, ал эми христиандар: «Христиан болсоңор туура жолду табасыңар» – дешти. Оо, пайгамбар! Аларга жооп кылып айт: «Биз жалган диндерден акыйкат динге ыктаган Ибрахимдин динин ээрчийбиз. Ал Аллахка шерик кошкондордон эмес болчу».