Мухтасар тафсир
سَيَقُولُ ٱلسُّفَهَآءُ مِنَ ٱلنَّاسِ مَا وَلَّىٰهُمْ عَن قِبْلَتِهِمُ ٱلَّتِى كَانُوا۟ عَلَيْهَا ۚ قُل لِّلَّهِ ٱلْمَشْرِقُ وَٱلْمَغْرِبُ ۚ يَهْدِى مَن يَشَآءُ إِلَىٰ صِرَٰطٍ مُّسْتَقِيمٍ ﴿١٤٢﴾
Жөөттөрдүн сабатсыздары, жеңил ойлуулары жана ошолорго окшогон эки жүздүүлөр: «Мусулмандарды мурда кыбыласы болгон Акса мечитинен эмне бурду?» – деп айтышат. Оо, пайгамбар! Аларга жооп кылып айт: «Чыгыш менен батыштын жана алардан башка тараптардын мүлкү Аллахка гана таандык. Ал пенделеринен кимди кааласа, Өзү каалаган тарапка багыттайт. Жана Ал пенделеринен кимди кааласа, аны эч кандай бурмалануусу жана кыйшаюусу жок түз жолго салат.