Мухтасар тафсир
أَمْ حَسِبْتُمْ أَن تَدْخُلُوا۟ ٱلْجَنَّةَ وَلَمَّا يَأْتِكُم مَّثَلُ ٱلَّذِينَ خَلَوْا۟ مِن قَبْلِكُم ۖ مَّسَّتْهُمُ ٱلْبَأْسَآءُ وَٱلضَّرَّآءُ وَزُلْزِلُوا۟ حَتَّىٰ يَقُولَ ٱلرَّسُولُ وَٱلَّذِينَ ءَامَنُوا۟ مَعَهُۥ مَتَىٰ نَصْرُ ٱللَّهِ ۗ أَلَآ إِنَّ نَصْرَ ٱللَّهِ قَرِيبٌ ﴿٢١٤﴾
Оо, ыймандуулар! Же силер мурункулардын сыноолорундай сыноолорго кабылбастан эле бейишке киребиз деп ойлойсуңарбы? Анткени алар жакырчылыкты жана ооруларды баштарынан кечиришкен, аларды коркунучтар титиреткен, акыр аягы аларды сыноолор Аллахтын жардамын шаштырууга чейин жеткирип, элчи жана аны менен бирге болгон ыймандуулар: «Аллахтын жардамы качан келет?» – деп калышкан. Албетте Аллахтын жардамы Ага ыйман келтирип, тобокел кылгандарга жакын!