×
البقرةАят 222

Мухтасар тафсир

وَيَسْـَٔلُونَكَ عَنِ ٱلْمَحِيضِ ۖ قُلْ هُوَ أَذًى فَٱعْتَزِلُوا۟ ٱلنِّسَآءَ فِى ٱلْمَحِيضِ ۖ وَلَا تَقْرَبُوهُنَّ حَتَّىٰ يَطْهُرْنَ ۖ فَإِذَا تَطَهَّرْنَ فَأْتُوهُنَّ مِنْ حَيْثُ أَمَرَكُمُ ٱللَّهُ ۚ إِنَّ ٱللَّهَ يُحِبُّ ٱلتَّوَّٰبِينَ وَيُحِبُّ ٱلْمُتَطَهِّرِينَ ﴿٢٢٢﴾

Оо, пайгамбар! Сахабаларың сенден этек кир (белгилүү бир убакыттарда аялдын жатынынан чыккан кан) тууралуу сурашат? Аларга жооп кылып айт: «Этек кир эркекке да, аялга да зыяндуу. Ошондуктан ал учурда аялдар менен жыныстык мамиле кылуудан сактангыла жана алардын каны токтоп, андан жуунуп тазаланмайынча аларга кошулуу максатта жакындабагыла. Эгерде этек кири бүтүп, андан тазаланган болсо, анда алар менен силерге уруксат берилген жолдо адатта кошулуучу жагынан кошула бергиле. Чындыгында Аллах күнөөлөрүнө көп тообо кылгандарды жана ыплас нерселерден тазаланган адамдарды жакшы көрөт».