×
البقرةАят 237

Мухтасар тафсир

وَإِن طَلَّقْتُمُوهُنَّ مِن قَبْلِ أَن تَمَسُّوهُنَّ وَقَدْ فَرَضْتُمْ لَهُنَّ فَرِيضَةً فَنِصْفُ مَا فَرَضْتُمْ إِلَّآ أَن يَعْفُونَ أَوْ يَعْفُوَا۟ ٱلَّذِى بِيَدِهِۦ عُقْدَةُ ٱلنِّكَاحِ ۚ وَأَن تَعْفُوٓا۟ أَقْرَبُ لِلتَّقْوَىٰ ۚ وَلَا تَنسَوُا۟ ٱلْفَضْلَ بَيْنَكُمْ ۚ إِنَّ ٱللَّهَ بِمَا تَعْمَلُونَ بَصِيرٌ ﴿٢٣٧﴾

Эгерде никелешкен аялдарыңар менен жыныстык мамиле кылганга чейин талак берсеңер жана аларга белгилүү бир өлчөмдө калың берүү милдетин мойнуңарга алсаңар, аларга аталган калыңдын жарымын төлөп бергиле. Болбосо ал аялдар акыл акыл-эстүүлүк кылып кечип коюшсун же эркектер айкөлдүк кылып аларга калыңды толук беришсин. Бири-бириңерге болгон укуктарда кечиримдүү болгонуңар Аллахтан коркууга жана Ага баш ийүүгө жакыныраак. Оо, адамдар! Бири-бириңерге кайрымдуу болууну жана өз ара укуктарда кечиримдүү болууну токтотпогула. Чындыгында Аллах силердин кылганыңарды Көрүүчү. Андыктан Аллахтын сыйлыгына жетиш үчүн жакшылык кылууга аракет кылгыла.