Мухтасар тафсир
إِنَّ ٱلَّذِينَ كَفَرُوا۟ لَن تُغْنِىَ عَنْهُمْ أَمْوَٰلُهُمْ وَلَآ أَوْلَـٰدُهُم مِّنَ ٱللَّهِ شَيْـًٔا ۖ وَأُو۟لَـٰٓئِكَ هُمْ وَقُودُ ٱلنَّارِ ﴿١٠﴾
Аллахка жана Анын элчилерине каапырлык кылгандарды мал-мүлктөрү жана бала-чакасы бул дүйнөдө да, акыретте да кутката албайт. Мына ушундай сапаттарга ээ болгондор кыямат күнү күйүүчү тозок отундары.