×
آل عمرانАят 14

Мухтасар тафсир

زُيِّنَ لِلنَّاسِ حُبُّ ٱلشَّهَوَٰتِ مِنَ ٱلنِّسَآءِ وَٱلْبَنِينَ وَٱلْقَنَـٰطِيرِ ٱلْمُقَنطَرَةِ مِنَ ٱلذَّهَبِ وَٱلْفِضَّةِ وَٱلْخَيْلِ ٱلْمُسَوَّمَةِ وَٱلْأَنْعَـٰمِ وَٱلْحَرْثِ ۗ ذَٰلِكَ مَتَـٰعُ ٱلْحَيَوٰةِ ٱلدُّنْيَا ۖ وَٱللَّهُ عِندَهُۥ حُسْنُ ٱلْمَـَٔابِ ﴿١٤﴾

Аллах таала адамдарды сыноо үчүн дүйнө кумарларына болгон сүйүүнү, мисалы, аялдарды, уул балдарды, алтын-күмүштөн чогулган көп байлыктарды, үйрөтүлгөн асыл жылкыларды, төө, уй, кой сыяктуу үй жаныбарларын, айдоо жерлерди кооз кылып көрсөтүп койгондугун айтты. Булар аз гана убакыт пайдаланылып жок боло турган дүйнө жашоосунун ырахаты. Ошондуктан ыймандуу адам буларга байланбашы керек. Ал эми Аллахтын алдында кайтып баруучу эң сонун жай бар, ал асмандар менен жердин кеңдигиндей болгон бейиш.