×
النساءАят 29

Мухтасар тафсир

يَـٰٓأَيُّهَا ٱلَّذِينَ ءَامَنُوا۟ لَا تَأْكُلُوٓا۟ أَمْوَٰلَكُم بَيْنَكُم بِٱلْبَـٰطِلِ إِلَّآ أَن تَكُونَ تِجَـٰرَةً عَن تَرَاضٍ مِّنكُمْ ۚ وَلَا تَقْتُلُوٓا۟ أَنفُسَكُمْ ۚ إِنَّ ٱللَّهَ كَانَ بِكُمْ رَحِيمًا ﴿٢٩﴾

Оо, Аллахка ишенген, пайгамбарды ээрчиген момундар, бири-бириңдин мал-мүлкүңдү жаман жолдор менен алып жебегиле, мисалы: тартып алуу, урдоо,пара алуу ж.б. Бири-бириңе ыраазы болуп келишип алды-берди кылган соодаңар адал. Мунун акчасын жегиле жана пайдалангыла. Бири-бириңерди өлтүрбөгүлө, өзүңөрдү өзүңөр да өлтүрбөгүлө, өлүмгө алып барбагыла. Аллах Таала чынында силерге ырайымдуу. Анын ырайымынын бири белгиси, каныңарды малыңарды жана абийириңерди бири-бириңе арам кылганы