×
الأحقافАят 10

Мухтасар тафсир

قُلْ أَرَءَيْتُمْ إِن كَانَ مِنْ عِندِ ٱللَّهِ وَكَفَرْتُم بِهِۦ وَشَهِدَ شَاهِدٌ مِّنۢ بَنِىٓ إِسْرَٰٓءِيلَ عَلَىٰ مِثْلِهِۦ فَـَٔامَنَ وَٱسْتَكْبَرْتُمْ ۖ إِنَّ ٱللَّهَ لَا يَهْدِى ٱلْقَوْمَ ٱلظَّـٰلِمِينَ ﴿١٠﴾

Оо, пайгамбар! Ал жалганчыларга айт: «Айткылачы, эгерде бул Куран Аллах тараптан болуп, бирок силер ага каапырлык кылсаңар жана Исраил урпактарынан бирөөсү ал тууралуу Тооратта келген нерсеге таянып, ал Аллах тараптан экенине күбөгө өтсө жана ага ыйман келтирсе, бирок силер ага ыйман келтирүүдөн текеберлик кылсаңар, мына ошондо силер зулум кылган болбойсуңарбы? Чындыгында Аллах акыйкатка зулумдук кылган коомго ийгилик бербейт».