Мухтасар тафсир
هُوَ ٱلَّذِىٓ أَرْسَلَ رَسُولَهُۥ بِٱلْهُدَىٰ وَدِينِ ٱلْحَقِّ لِيُظْهِرَهُۥ عَلَى ٱلدِّينِ كُلِّهِۦ ۚ وَكَفَىٰ بِٱللَّهِ شَهِيدًا ﴿٢٨﴾
Ислам дини бардык диндерден үстөм болуш үчүн Аллах Өз элчиси Мухаммадды ачык-айкын баяндоо жана акыйкат Ислам дини менен жиберди. Аллах Өзү буга күбө болду жана Аллахтын күбөлүгү жетиштүү.