×
المائدةАят 1

Мухтасар тафсир

بِسْمِ ٱللَّهِ ٱلرَّحْمَـٰنِ ٱلرَّحِيمِ يَـٰٓأَيُّهَا ٱلَّذِينَ ءَامَنُوٓا۟ أَوْفُوا۟ بِٱلْعُقُودِ ۚ أُحِلَّتْ لَكُم بَهِيمَةُ ٱلْأَنْعَـٰمِ إِلَّا مَا يُتْلَىٰ عَلَيْكُمْ غَيْرَ مُحِلِّى ٱلصَّيْدِ وَأَنتُمْ حُرُمٌ ۗ إِنَّ ٱللَّهَ يَحْكُمُ مَا يُرِيدُ ﴿١﴾

Оо, ыймандуулар, Жаратуучуңар менен силердин жана адамдар менен силердин ортоңордогу убада-келишимиңердин баарын толук аткаргыла. Аллах Таала силерге ырайым кылып мал-жандыктарды (төө, уй, кой ж.б.) адал кылды, бирок төмөндө силерге арам экени айтылгандар адал эмес. Ошондой эле, ажы же умра үчүн ихрамга киргенден кийин кургактыктагы жаныбарларга аңчылык кылууга тыюу салды (арам кылды). Аллах Таала Өзүнүн даанышмандагына ылайык адал жана арам кылууда каалагандай өкүм кылат, аны жек көрүүгө жана ага каршы чыгууга болбойт