×
المائدةАят 103

Мухтасар тафсир

مَا جَعَلَ ٱللَّهُ مِنۢ بَحِيرَةٍ وَلَا سَآئِبَةٍ وَلَا وَصِيلَةٍ وَلَا حَامٍ ۙ وَلَـٰكِنَّ ٱلَّذِينَ كَفَرُوا۟ يَفْتَرُونَ عَلَى ٱللَّهِ ٱلْكَذِبَ ۖ وَأَكْثَرُهُمْ لَا يَعْقِلُونَ ﴿١٠٣﴾

Аллах Таала мал-жандыктарды адал кылган, бутпарастар бут-айкелдерине арнап өздөрүнө арам кылып алган нерселерди Аллах Арам кылган эмес. Мисалы, бахийра, ал белгилүү бир санда туугандан кийин кулагын кесип белги салып койгон төө, сааиба бут-айкелдерге арнап карыганда коё берип жиберген төө, васийла эки жолу удаа ургачы тууган төө, хамий үйүргө коюлуп бир канча жолу (он жолу) туудурган атан төө, буларды минбей, сойбой коюп жиберишкен. Анан буларды Аллах арам кылган деп жалган доомат кылышат, каапырлардын көбү ушинтип чындык менен жалганды, адал менен арамды ажырата албайт.