×
المائدةАят 4

Мухтасар тафсир

يَسْـَٔلُونَكَ مَاذَآ أُحِلَّ لَهُمْ ۖ قُلْ أُحِلَّ لَكُمُ ٱلطَّيِّبَـٰتُ ۙ وَمَا عَلَّمْتُم مِّنَ ٱلْجَوَارِحِ مُكَلِّبِينَ تُعَلِّمُونَهُنَّ مِمَّا عَلَّمَكُمُ ٱللَّهُ ۖ فَكُلُوا۟ مِمَّآ أَمْسَكْنَ عَلَيْكُمْ وَٱذْكُرُوا۟ ٱسْمَ ٱللَّهِ عَلَيْهِ ۖ وَٱتَّقُوا۟ ٱللَّهَ ۚ إِنَّ ٱللَّهَ سَرِيعُ ٱلْحِسَابِ ﴿٤﴾

Оо, элчи, сахабаларың сенден аларга Аллах Таала кандай тамакты адал кылганын сурашат. Оо, элчи, аларга айт: Аллах Таала силерге бардык таза желе турган тамактарды адал кылды. Ит, леопард же ителги сыяктуу жыркыч, бирок Аллахтын берген илими менен колдо аңчылыкка үйрөтүлүп, агытсаң ууга атырылып, тыйсаң тыйылып кала турган жаныбарлар алган уу (кийик, коён ж.б.) адал. Мына ушулар алган ууну эгер аны өлтүрүп коюшса да жей бергиле, болгону аларды ууга саларда Аллахтын атын атап бошоткула. Буйруктарын аткаруу, күнөөдөн тыйылуу менен Аллахка такыба болгула, Аллах Таала иш-аракеттерди өтө бат эсеп кылат.