×
المجادلةАят 2

Мухтасар тафсир

ٱلَّذِينَ يُظَـٰهِرُونَ مِنكُم مِّن نِّسَآئِهِم مَّا هُنَّ أُمَّهَـٰتِهِمْ ۖ إِنْ أُمَّهَـٰتُهُمْ إِلَّا ٱلَّـٰٓـِٔى وَلَدْنَهُمْ ۚ وَإِنَّهُمْ لَيَقُولُونَ مُنكَرًا مِّنَ ٱلْقَوْلِ وَزُورًا ۚ وَإِنَّ ٱللَّهَ لَعَفُوٌّ غَفُورٌ ﴿٢﴾

Аялдарын зихар кылгандар, тагыраак айтканда, силерден кимдир бирөө аялына: «Сен мага апамдын белиндейсиң» деп айткандар – бул айткан сөздөрүндө жалганчылар. Алардын аялдары энеси эмес. Аларды төрөгөндөр гана алардын энелери. Алар бул сөздү айтышканда, коркунучтуу жана жалган сөздү айтышкан болот. Чындыгында Аллах – Кечүүчү, Кечиримдүү.