×
الجمعةАят 4

Мухтасар тафсир

ذَٰلِكَ فَضْلُ ٱللَّهِ يُؤْتِيهِ مَن يَشَآءُ ۚ وَٱللَّهُ ذُو ٱلْفَضْلِ ٱلْعَظِيمِ ﴿٤﴾

Пайгамбардын арабдарга жана башкаларга жиберилгени тууралуу бул айтылган нерсе – Аллахтын Өзү каалагандарга берген артыкчылыгы. Аллах улуу жакшылык Ээси. Бул үммөттөн болгон пайгамбарды бүткүл адамзатка жиберүүсү – Анын улуу жакшылыктарынан.