Мухтасар тафсир
وَلَا يَتَمَنَّوْنَهُۥٓ أَبَدًۢا بِمَا قَدَّمَتْ أَيْدِيهِمْ ۚ وَٱللَّهُ عَلِيمٌۢ بِٱلظَّـٰلِمِينَ ﴿٧﴾
Алар эч качан өлүмдү тилешпейт. Тескерисинче, алар кылган каапырлык, күнөөлөр, зулумдук жана Тооратты өзгөртүп бурмалоо себептүү дүйнөдө түбөлүк калууну каалашат. Аллах залымдарды Билүүчү. Алардын иш-аракеттеринин эч бири Ага жашыруун эмес. Жакында алардын жазасын берет.