×
الأعرافАят 138

Мухтасар тафсир

وَجَـٰوَزْنَا بِبَنِىٓ إِسْرَٰٓءِيلَ ٱلْبَحْرَ فَأَتَوْا۟ عَلَىٰ قَوْمٍ يَعْكُفُونَ عَلَىٰٓ أَصْنَامٍ لَّهُمْ ۚ قَالُوا۟ يَـٰمُوسَى ٱجْعَل لَّنَآ إِلَـٰهًا كَمَا لَهُمْ ءَالِهَةٌ ۚ قَالَ إِنَّكُمْ قَوْمٌ تَجْهَلُونَ ﴿١٣٨﴾

Муса пайгамбар таягы менен деңизди чапканда, Биз аны экиге ажыратып, Исраил коомун андан алып өттүк. Алар бут-айкелдерди жасап алып, Аллахты таштап ошол айкелдерге ибадат кылып жаткан элдин жанынан өтүштү. Ошондо Исраил урпактары Мусага: "Эй, Муса, мобу адамдар ибадат кылып жаткан бут-айкелдер сыяктуу бизге да бут-айкелдерди жасап бер, биз ошого ибадат кылалы" - дешти. Муса аларга: "Эй, коомум, силер Аллахты улуктоо, жалгыздоо милдет экенин билбей экенсиңер, ширк кылып, Андан башка нерсеге ибадат кылуу Ага ылайык эмес" - деди.