×
الأعرافАят 193

Мухтасар тафсир

وَإِن تَدْعُوهُمْ إِلَى ٱلْهُدَىٰ لَا يَتَّبِعُوكُمْ ۚ سَوَآءٌ عَلَيْكُمْ أَدَعَوْتُمُوهُمْ أَمْ أَنتُمْ صَـٰمِتُونَ ﴿١٩٣﴾

Эй, бутпарастар, эгер силер Аллахтын ордуна кудай кылып алган бут-айкелдерди туура жолго чакырсаңар, чакырыгыңарга жооп да бербейт, ээрчибейт дагы. Аларды туура жолго чакырасыңарбы, же унчукпай коёсуңарбы аларга баары бир, анткени алар жансыз затттар; акыл жүгүртө албайт, укпайт жана сүйлөбөйт.