Мухтасар тафсир
يَـٰبَنِىٓ ءَادَمَ لَا يَفْتِنَنَّكُمُ ٱلشَّيْطَـٰنُ كَمَآ أَخْرَجَ أَبَوَيْكُم مِّنَ ٱلْجَنَّةِ يَنزِعُ عَنْهُمَا لِبَاسَهُمَا لِيُرِيَهُمَا سَوْءَٰتِهِمَآ ۗ إِنَّهُۥ يَرَىٰكُمْ هُوَ وَقَبِيلُهُۥ مِنْ حَيْثُ لَا تَرَوْنَهُمْ ۗ إِنَّا جَعَلْنَا ٱلشَّيَـٰطِينَ أَوْلِيَآءَ لِلَّذِينَ لَا يُؤْمِنُونَ ﴿٢٧﴾
Оо, Адам балдары, шайтан авретиңерди ачуу үчүн силерди кийимиңерди чечүүгө жана такыба кийимин таштап коюууга кызыктырып азгырбасын. Чынында, шайтан силердин атаңарды аларга тыюу салынган дарактын мөмөсүнөн жегенге кызыктырып алдаган, бул алардын аврети ачылып калуусуна жана бейиштен чыгарылуусуна себеп болгон.Акыйкатта, шайтан жана анын урпактары силерди көрүп, күбө болуп турат, силер аларды көрбөйсүңөр да, күбө да болбойсуңар. Адан жана анын урпактарынан сактангыла. Биз шайтандарды Аллахка ишенбегендер дос кылып койгонбуз. Ал эми жакшы иштерди кылган ыймандуулар алара кошулбайт.