×
الأعرافАят 29

Мухтасар тафсир

قُلْ أَمَرَ رَبِّى بِٱلْقِسْطِ ۖ وَأَقِيمُوا۟ وُجُوهَكُمْ عِندَ كُلِّ مَسْجِدٍ وَٱدْعُوهُ مُخْلِصِينَ لَهُ ٱلدِّينَ ۚ كَمَا بَدَأَكُمْ تَعُودُونَ ﴿٢٩﴾

Оо, Мухаммад, бутпарастарга минтип айт: Чынында Аллах адилеттикке буйруду, жаман, бузук иштерге буйруган жок. Баардык ибадаттарды калыс Ага аткарууга буйруду. Ага ыкылас кылып, баш ийип дуба кылууга буйруду. Ал силердин жоктон бар кылып жараткан сыяктуу экинчи жолу дагы тирилтет. Жок нерсени жаратканга кудурети жеткен, кайра жаратууга жана тирилтүүгө да кудурети жетет.