×
الأعرافАят 53

Мухтасар тафсир

هَلْ يَنظُرُونَ إِلَّا تَأْوِيلَهُۥ ۚ يَوْمَ يَأْتِى تَأْوِيلُهُۥ يَقُولُ ٱلَّذِينَ نَسُوهُ مِن قَبْلُ قَدْ جَآءَتْ رُسُلُ رَبِّنَا بِٱلْحَقِّ فَهَل لَّنَا مِن شُفَعَآءَ فَيَشْفَعُوا۟ لَنَآ أَوْ نُرَدُّ فَنَعْمَلَ غَيْرَ ٱلَّذِى كُنَّا نَعْمَلُ ۚ قَدْ خَسِرُوٓا۟ أَنفُسَهُمْ وَضَلَّ عَنْهُم مَّا كَانُوا۟ يَفْتَرُونَ ﴿٥٣﴾

Каапырлар аларга акыретте иштерине жараша бериле турган катуу азап тууралуу кабардын ишке ашуусун күтүшөт. Аларга кабары берилген азап жана ыймандууларга кабары берилген сый бериле турган убак келгенде, дүйнөдө Куранды унутуп, андагы буйруктарды аткарбагандар минтип арман кылышат: "Рабибиздин элчилери Аллахтан экенине эч шеги жок, кемчиликсиз чындыкты алып келишкен экен. Эми бизди колдоп, азаптан сактап калууга Аллахка ортомчу боло турган колдоочу болсо кана. Же дүйнө жашоосуна кайра кайтып, мурда аткарган жаман иштерибиздин ордуна жакшы иштерди кылып келсек кана". Катуу азапка туш болоруна ишенбей, каапырлар өздөрүн зыянга учуратып алышты. Ошондой эле алар ибадат кылган жалган "кудайлары" аларга эч пайдасын тийгизбей жок болуп кетти.