×
البقرةАят 180

Мухтасар тафсир

كُتِبَ عَلَيْكُمْ إِذَا حَضَرَ أَحَدَكُمُ ٱلْمَوْتُ إِن تَرَكَ خَيْرًا ٱلْوَصِيَّةُ لِلْوَٰلِدَيْنِ وَٱلْأَقْرَبِينَ بِٱلْمَعْرُوفِ ۖ حَقًّا عَلَى ٱلْمُتَّقِينَ ﴿١٨٠﴾

Араңардан кимдир бирөөгө өлүмдүн белгилери жана себептери келсе жана артында көп байлык калтырса, анда ата-энесине жана жакын туугандарына шарият чектегендей мурас мүлктүн үчтөн биринен ашпаган өлчөмүн керээз кылуу парз кылынды. Мындай кылуу Аллахтан корккондор үчүн анык милдет. Бул өкүм мурас аяттары түшкөнгө чейин болгон. Мурас аяттары түшкөндө мураскорлордун кимисине канча үлүш берилери анык айтылган.