Мухтасар тафсир
فَمَنۢ بَدَّلَهُۥ بَعْدَ مَا سَمِعَهُۥ فَإِنَّمَآ إِثْمُهُۥ عَلَى ٱلَّذِينَ يُبَدِّلُونَهُۥٓ ۚ إِنَّ ٱللَّهَ سَمِيعٌ عَلِيمٌ ﴿١٨١﴾
Ким керээзди билгенден кийин аны көбөйтүп же азайтып же бербей коюу менен өзгөртсө, ал өзгөрткөндүн күнөөсү керээз калтырган адамда эмес, аны өзгөрткөндөрдө болот. Чындыгында Аллах пенделеринин сөздөрүн Угуучу, иш-аракеттерин Билүүчү, алардын абалынын эч бирин өткөрүп жибербейт.