Мухтасар тафсир
وَلَا تَجْعَلُوا۟ ٱللَّهَ عُرْضَةً لِّأَيْمَـٰنِكُمْ أَن تَبَرُّوا۟ وَتَتَّقُوا۟ وَتُصْلِحُوا۟ بَيْنَ ٱلنَّاسِ ۗ وَٱللَّهُ سَمِيعٌ عَلِيمٌ ﴿٢٢٤﴾
Аллахтын аты менен берилген антты жакшылык кылуудан, такыбалыктан жана адамдарды жараштыруудан тосуучу далил кылып албагыла. Тескерисинче, эгер жакшылык кылбайм деп ант берсеңер, анда жакшылыкты кылгыла жана бузган антыңардын жазасын (каффаратын) өтөгүлө. Аллах силердин сөздөрүңөрдү угат, иш-аракеттериңерди билет жана жакында анын сыйлыгын же жазасын берет.