×
البقرةАят 225

Мухтасар тафсир

لَّا يُؤَاخِذُكُمُ ٱللَّهُ بِٱللَّغْوِ فِىٓ أَيْمَـٰنِكُمْ وَلَـٰكِن يُؤَاخِذُكُم بِمَا كَسَبَتْ قُلُوبُكُمْ ۗ وَٱللَّهُ غَفُورٌ حَلِيمٌ ﴿٢٢٥﴾

Араңардан кимдир бирөө эч нерсени максат кылбастан: «Жок, Аллахка касам. Ооба, Аллахка касам» – деп айтканы сыяктуу көнүмүш сөзгө айланып калган анттар себептүү Аллах силерди жоопко тартпайт жана ал үчүн (каффарат) жазасын өтөбөйсүңөр жана жазаланбайсыңар. Бирок Ал ошол анттардын артында көздөгөн максатыңарга жараша жоопко тартат. Аллах пенделеринин күнөөлөрүн Кечирүүчү, аларды жазалоого шашылбаган Токтоо.