×
آل عمرانАят 103

Мухтасар тафсир

وَٱعْتَصِمُوا۟ بِحَبْلِ ٱللَّهِ جَمِيعًا وَلَا تَفَرَّقُوا۟ ۚ وَٱذْكُرُوا۟ نِعْمَتَ ٱللَّهِ عَلَيْكُمْ إِذْ كُنتُمْ أَعْدَآءً فَأَلَّفَ بَيْنَ قُلُوبِكُمْ فَأَصْبَحْتُم بِنِعْمَتِهِۦٓ إِخْوَٰنًا وَكُنتُمْ عَلَىٰ شَفَا حُفْرَةٍ مِّنَ ٱلنَّارِ فَأَنقَذَكُم مِّنْهَا ۗ كَذَٰلِكَ يُبَيِّنُ ٱللَّهُ لَكُمْ ءَايَـٰتِهِۦ لَعَلَّكُمْ تَهْتَدُونَ ﴿١٠٣﴾

Оо, ыймандуулар, китеп жана сүннөттү бекем кармагыла, бөлүнүп-жарылууга алап барчу иштерден сак болгула. Исламдан мурда болбогон себеп менен согушуп, душман элеңер, Аллах Таала жүрөгүңөрдү исламга бириктирип, бири-бириңе ырайымдуу, жардам берүүчү диндеш бир тууган болдуңар. Аллахтын мына ушул нээматын эстегиле. Буга чейин каапырлыгыңар менен тозокко бет алган элеңер, андан Аллах Таала Ислам менен куткарып калды жана ыйманга баштады. Аллах Таала силер түз жолдо бекем болууңар, туура жолдо жүрүүңөр жана дүйнө, акыретте абалыңар жакшы болуусу үчүн мына ушинтип аяттарын баяндады