Мухтасар тафсир
وَلْتَكُن مِّنكُمْ أُمَّةٌ يَدْعُونَ إِلَى ٱلْخَيْرِ وَيَأْمُرُونَ بِٱلْمَعْرُوفِ وَيَنْهَوْنَ عَنِ ٱلْمُنكَرِ ۚ وَأُو۟لَـٰٓئِكَ هُمُ ٱلْمُفْلِحُونَ ﴿١٠٤﴾
Оо, ыймандуулар, силерден Аллахка жаккан бадык жакшылыкка үндөгөн, шарият талап кылган жана акылга сыя турган жакшы иштерге чакырган, шариятта тыюу салынган жана акылга да туура келбеген жаман иштерден кайтарган жамаат болсун. Мына ушулар дүйнө жана акыретте жеңишке жеткен адамдар