×
المائدةАят 12

Мухтасар тафсир

وَلَقَدْ أَخَذَ ٱللَّهُ مِيثَـٰقَ بَنِىٓ إِسْرَٰٓءِيلَ وَبَعَثْنَا مِنْهُمُ ٱثْنَىْ عَشَرَ نَقِيبًا ۖ وَقَالَ ٱللَّهُ إِنِّى مَعَكُمْ ۖ لَئِنْ أَقَمْتُمُ ٱلصَّلَوٰةَ وَءَاتَيْتُمُ ٱلزَّكَوٰةَ وَءَامَنتُم بِرُسُلِى وَعَزَّرْتُمُوهُمْ وَأَقْرَضْتُمُ ٱللَّهَ قَرْضًا حَسَنًا لَّأُكَفِّرَنَّ عَنكُمْ سَيِّـَٔاتِكُمْ وَلَأُدْخِلَنَّكُمْ جَنَّـٰتٍ تَجْرِى مِن تَحْتِهَا ٱلْأَنْهَـٰرُ ۚ فَمَن كَفَرَ بَعْدَ ذَٰلِكَ مِنكُمْ فَقَدْ ضَلَّ سَوَآءَ ٱلسَّبِيلِ ﴿١٢﴾

Аллах Таала Исраил урпактарынан бекем ант-убада алган, бул кандай убада экени төмөндө айтылат. Аларга он эки башчыны дайындадык, ар бир башчы кол адындагыларды көзөмөлдөөчу болду. Анан Аллах Таала аларга айтты: силер намазды толук аткарсаңар, малыңардын зекетин берсеңер, элчилеримди бири-биринен ажыратпай баарына ишенсеңер, аларды урматтап, жардам берсеңер, жакшылык кылып садага берсеңер, мен силерди колдоп, жардам берип силер менен бирге болом. Ошондой эле, жогоруда айтылгандарды бүт аткарсаңар, жасаган күнөөңөрдү кечирем, кыямат күнү ак сарайларынын алдынан дарыялары агып турган бейишке киризем. Ал эми ушундай бекем-ант келишимден кийин дагы каапырлык кылгандар, атайын, билип туруп түз жолдон тайыптыр