×
المائدةАят 13

Мухтасар тафсир

فَبِمَا نَقْضِهِم مِّيثَـٰقَهُمْ لَعَنَّـٰهُمْ وَجَعَلْنَا قُلُوبَهُمْ قَـٰسِيَةً ۖ يُحَرِّفُونَ ٱلْكَلِمَ عَن مَّوَاضِعِهِۦ ۙ وَنَسُوا۟ حَظًّا مِّمَّا ذُكِّرُوا۟ بِهِۦ ۚ وَلَا تَزَالُ تَطَّلِعُ عَلَىٰ خَآئِنَةٍ مِّنْهُمْ إِلَّا قَلِيلًا مِّنْهُمْ ۖ فَٱعْفُ عَنْهُمْ وَٱصْفَحْ ۚ إِنَّ ٱللَّهَ يُحِبُّ ٱلْمُحْسِنِينَ ﴿١٣﴾

Ант-убаданы бузган себептүү аларды ырайымыбыздан алыстаттык, жүрөктөрүн катырып, жакшылык жетпей турган, эскертүү пайда бербей турган кылып койдук. Алар китептеги сөздү бурмалап маанисин өздөрүнүн каалоосуна ылайыктап өзгөртүштү жана анда эскеритилгендерди иш жүзүндө аткарууну унутушту. Эй, элчи, алардын ушул тапта да Аллахка жана ыймандуу пенделерге кыянат кылып жатканын көрөсүң. Бирок алардын азы гана моюнуна алган ант-абадасынын өтөөсүнө чыкты, сен алардын күнөөсүн кечирип кой, мына ушул жакшылык болуп эсептелет, Аллах Таала жакшылык кылуучуларды жактырат