Мухтасар тафсир
وَمَا ٱلْحَيَوٰةُ ٱلدُّنْيَآ إِلَّا لَعِبٌ وَلَهْوٌ ۖ وَلَلدَّارُ ٱلْـَٔاخِرَةُ خَيْرٌ لِّلَّذِينَ يَتَّقُونَ ۗ أَفَلَا تَعْقِلُونَ ﴿٣٢﴾
Аллахты ыраазы кылчу ишти кылбагандарга сөйөнүп алган бул дүйнө жашоосу өтүп кетчү оюндай эле. Ал эми ыйман келтирип, баш ийип жакшы иштерди жасаган жана ширк, күнөө кылуу сыяктуу тыюу салынган иштерден тыйылып Аллахка такыба болгондорго акырет жашоосу жакшы. Эй, бутпарастар, ушуга акыл жүгүртсөңөр, ыйманга келип, жакшы иштерди жасайт элеңер.