×
الأنعامАят 33

Мухтасар тафсир

قَدْ نَعْلَمُ إِنَّهُۥ لَيَحْزُنُكَ ٱلَّذِى يَقُولُونَ ۖ فَإِنَّهُمْ لَا يُكَذِّبُونَكَ وَلَـٰكِنَّ ٱلظَّـٰلِمِينَ بِـَٔايَـٰتِ ٱللَّهِ يَجْحَدُونَ ﴿٣٣﴾

Оо, элчи, алар сени сыртынан жалганга чыгарганына кайгырганыңды Биз билебиз. Сен билгин алар сенин аманатка бек, чынчыл экениңди билет жана өз ара сени жалганга чыгарышпайт. Бирок алар залым адамдар, сенин ишиңе ичинен ишенип турса да, сыртынан четке кага берет.