×
الأنعامАят 34

Мухтасар тафсир

وَلَقَدْ كُذِّبَتْ رُسُلٌ مِّن قَبْلِكَ فَصَبَرُوا۟ عَلَىٰ مَا كُذِّبُوا۟ وَأُوذُوا۟ حَتَّىٰٓ أَتَىٰهُمْ نَصْرُنَا ۚ وَلَا مُبَدِّلَ لِكَلِمَـٰتِ ٱللَّهِ ۚ وَلَقَدْ جَآءَكَ مِن نَّبَإِى۟ ٱلْمُرْسَلِينَ ﴿٣٤﴾

Бул жалганга чыгаруу сага гана тиешелүү деп ойлобо. Сенден мурдагы элчилер да жалганга чыгарылган, коомдору аларды азаптаган. Алар үгүттөөдө, Аллах жолунда казат кылууда сабырдуулук кылышкан жана аларга Аллахтын жардамы келген. Аллах китебинде жазган жардамды жана элчилерине берген убаданы эч ким өзгөртө албайт. Эй, элчи, чынында сага мурдагы элчилердин кабары, б.а. аларга коому кандай каршы чыкканы жана Аллах Таала аларга жардам берип душмандарын кандай кыйратканы тууралуу кабар берилди