Мухтасар тафсир
يَـٰبَنِىٓ ءَادَمَ خُذُوا۟ زِينَتَكُمْ عِندَ كُلِّ مَسْجِدٍ وَكُلُوا۟ وَٱشْرَبُوا۟ وَلَا تُسْرِفُوٓا۟ ۚ إِنَّهُۥ لَا يُحِبُّ ٱلْمُسْرِفِينَ ﴿٣١﴾
Оо, Адам баласы, авретиңерди жаба турган кийимдерди кийгиле, намаз окуганда жана тооп кылганда таза, жакшы кийимдериңерди кийгиле. Аллах адал кылган таза нерселерден каалаганыңарды жегиле жана ичкиле. Бирок, анын орточо чегинен чыгып кетпегиле, адалдан арамга өтүп чектен чыкпагыла. Акыйкатта, Аллах орточо чегинен ашып кеткендерди жакшы көрбөйт.