×
الأعرافАят 32

Мухтасар тафсир

قُلْ مَنْ حَرَّمَ زِينَةَ ٱللَّهِ ٱلَّتِىٓ أَخْرَجَ لِعِبَادِهِۦ وَٱلطَّيِّبَـٰتِ مِنَ ٱلرِّزْقِ ۚ قُلْ هِىَ لِلَّذِينَ ءَامَنُوا۟ فِى ٱلْحَيَوٰةِ ٱلدُّنْيَا خَالِصَةً يَوْمَ ٱلْقِيَـٰمَةِ ۗ كَذَٰلِكَ نُفَصِّلُ ٱلْـَٔايَـٰتِ لِقَوْمٍ يَعْلَمُونَ ﴿٣٢﴾

Оо, элчи, Аллах адал кылган кийимдерди, таза тамак-аштарды арамга чыгарган бутпарастарга жооп кылып: "Силерге көрк берчү кийимдерди ким арамга чыгарды? Аллах силерге ырыскы кылып берген таза тамак жана суусундуктарды ким арамга чыгарды? деп айт. Эй, элчи, чынында, бул таза нерселер бул дүйнөдө ыймандууларга таандык, эгер башкалар шерик болушса, бул дүйнөдө гана шерик боло алышат, акыретте каапырлар ага шерик боло алышпайт. Анткени, каапырлар бейишке кирбейт. Ушинтип түшүндүргөн сыяктуу аяттарыбызды да түшүнгөн коомго айтып беребиз, анткени алар мындан пайда ала турган адамдар.