Мухтасар тафсир
وَبَيْنَهُمَا حِجَابٌ ۚ وَعَلَى ٱلْأَعْرَافِ رِجَالٌ يَعْرِفُونَ كُلًّۢا بِسِيمَىٰهُمْ ۚ وَنَادَوْا۟ أَصْحَـٰبَ ٱلْجَنَّةِ أَن سَلَـٰمٌ عَلَيْكُمْ ۚ لَمْ يَدْخُلُوهَا وَهُمْ يَطْمَعُونَ ﴿٤٦﴾
Бул эки топтун ортосунда, б.а.бейишке кирүүчүлөр менен тозокко кирүүчүлөрдүн ортосунда бийик орунда "Аьраф" деп аталган тосмо бар. Бул бийик тосмодо жакшылык иштери менен күнөөлөрү бирдей болуп калган адамдар топтолот. Алар бейишке кирүүчүлөрдү жүздөрүнүн актыгы сыяктуу белгилеринен, ал эми тозокко кирүүчүлөрдү жүздөрүнүн каралыгы сыяктуу белгилеринен таанып билишет. Бул жердеги адамдар бейишке кире турган адамдарга урмат көрсөтүп: "Силерге тынчтык болсун" деп салам айтышат. Алар бул учурда бейишке кире элек, бирок бейишке кирүүгө Аллахтын ырайымын күтүп турган болушат.