Мухтасар тафсир
وَإِذَا صُرِفَتْ أَبْصَـٰرُهُمْ تِلْقَآءَ أَصْحَـٰبِ ٱلنَّارِ قَالُوا۟ رَبَّنَا لَا تَجْعَلْنَا مَعَ ٱلْقَوْمِ ٱلظَّـٰلِمِينَ ﴿٤٧﴾
Эгер Аьрафта тургандар тозокко кирүүчүлөргө көзү бурулуп, алардын катуу азапка дуушар болушканын көрүшсө, Аллахка кайрылып: "Оо, Раббибиз, Сага каапырлык жана ширк кылган залым коом менен бирге кылба" деп дуба кылышат.